7-апрелге карата аба-ырайы

Эртең, 7-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирди.

Маалыматка ылайык, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +9…+14,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +8…+13 градуска көтөрүлөт.

Ал эми баш калаада түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +17…+19 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан