Белгилүү алып баруучу, шоумен Бакыт Байсариев "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу алып баруучу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анда Бакыт Байсариев төш белги маданият тармагына өзгөчө салым кошкон өнөрпоздорго берилерин жазып, сүрөт, видеолору менен бөлүштү.
"Төш белги маданият тармагында 15 жылдан кем эмес иштеген, өлкөнүн маданиятын өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон жана көп жылдык эмгеги үчүн чыгармачылык чөйрөсүндөгү адамдарга ыйгарылат. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги Назгүл экөөбүзгө бул медалды тапшырды. Колдооңуз үчүн чоң рахмат!" деген Байсариев.