Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүcү күтүлүүдө

6-апрелден 8-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Мындан улам унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Кооптуу жайлардын тизмеси:

Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;

Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 74-107-чакырымдарында;

Ала-Бука–Каныш-Кыя– Кызыл-Адыр унаа жолунун 71-74-чакырымдарында Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

ӨКМ айдоочуларга алыскы жолго чыкканда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, жол азыгын, дары-дармек кутучасын алуусун эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан