Болот Темиров журналист Махабат Тажибек кызы тергөө абагында сабалып жатканын айтып чыкты

“Темиров LIVE” жана “Айт айт десе” долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызы учурда камалып турган тергөө абагында уруп-сабоого кабылганын айтып, абактан кат жазды. Анын арызын бүгүн, 6-апрелде жолдошу, журналист Болот Темиров социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Тажибек кызы өз кайрылуусунда №1 тергөө абагынын кызматкерлери аны сабаганын билдирип, мунун баары абактын жетекчилигинин жана өлкө бийлигинде турган адамдардын буюртмасы менен, моралдык жактан сындыруу аракетинде болуп жатат деп жазган.

Бул окуядан кийин журналисттин адвокаты Улан Сейитбеков бүгүн, 6-апрелде Махабат Тажибек кызына жолугуп чыккан. Жактоочунун айтымында, Тажибек кызынын колунда жана жаагында көгала тактар ​​бар. Ошондой эле ал башы ооруп жатканын да кошумчалаган.

Буга чейин Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы Махабат Тажибек кызынын токмокко алынбагынын жана ал жаңжал учурунда жаракат алганын билдирген.

Эскерте кетсек, ушул жылы 16-январдын таңында кармалган журналисттердин үйлөрүндө тинтүү жүрүп, өзүлөрү Ички иштер министрлигине суракка жеткирилгени белгилүү болгон.

Ушул эле күнү ИИМ расмий билдирүү таратып, суракка алынып келинген 11 журналисттин баары 48 саатка камакка алынганын кабарлаган болчу. Министрлик "Айт, айт десе" Ютуб каналынын жана "Темиров LIVE” медиасынын кызматкерлерине массалык баш аламандыктарга чакырык жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун билдирген.

12-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту кармалган 11 журналисттин баш коргоо чарасын каралып, анда Махабат Тажибек кызы менен кошо дагы сегиз журналист 13-майга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камалышкан. Ал эми үч журналист ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан