ТИМ: "Екатеринбургда кыргызстандык жигит ок жеп ооруканага түштү"

Орусиянын Екатеринбург шаарында кыргызстандык жигит ок жеп ооруканага түштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, кечээ 5-апрелде Екатеринбургдун Автомагистральная көчөсүндө эки адамдын ортосунда жаңжал чыгып, ал мушташ жана ок атышуу менен аяктаган. Жабырлануучу 30 жаштагы К.у.А аттуу кыргыз жараны болгон. Ал тез арада аталган шаардагы №23 ооруканага жеткирилген.

Дарыгерлер жарандын абалы туруктуу жана жакынкы күндөрү ооруканадан чыгарыларын кошумчалаган.

"Кол салган адам кылмыш болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн. Учурда полиция кызматкерлери ок аткан адамды табуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Башкы консулдуктун кызматкерлери ошол эле күнү жабырлануучуга барып, жакындары менен байланыш түзүштү, ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушту", - деп жазылат ТИМдин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан