Бишкек шаарында 59 жаштагы
Муктар Мендеев жоголду. Бул тууралуу анын туугандары билдирди.
Алардын айтымына караганда, ал 6-апрель күнү эртең менен Коммунаров жана Минск көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.
Белгилери:
Үстүнө кара пальто, ак баш кийим кийип жүргөн.
Бою 165 сантиметр, орточо дене түзүлүштө, эс тутуму начар.
Изделип жаткан жаран тууралуу маалыматы барлар төмөнкү номерлерге кабарласаңыздар болот: 0555230490, 0755074720.