Акыйкатчы институту: "Абактагы Махабат Тажибек кызынын денесинде тактар аныкталды"

Өлкөнүн Акыйкатчы институтунун кызматкерлери №1 тергөө абагына барыа, анда кармалып тургандардын кармоо шарттары менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

6-апрелде социалдык тармактарда "Temirov Live" жана "Айт айт десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын тергөө абагында ур-токмокко кабылганын айтып, арыз жазганы тараган. Ал арызында аны менен бир камерада отургандар да тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан сабалганын билдирген.

Мындан улам кызматкерлер Махабат Тажибек кызы, Н. Кудайбергенова жана К. Аранова менен сүйлөшүү жүргүздү.

"Алардын айтымында, 4-апрелде кечки текшерүү учурунда кызматкерлердин бири кармалып турган Кудайбергеновага буюмдары менен сыртка чыгууну буйруган. Ал баш тарткан. Анткени ал кызматкерди алар мурда көргөн эмес.

5-апрелде мекеменин кызматкерлери Кудайбергенованы башка камерага которуу максатында кайрадан буюмдары менен аны сыртка чыгуусун талап кылып, ага байланыштуу конфликт болгон. Кызматкерлер күч менен аны сыртка чыгарышкан. Муну түрмөнүн кызматкерлери кармалып турган аял каршылык көрсөткөнү менен түшүндүрүшкөн", - деп жазылат маалыматта.

Акыйкатчы институту журналист Махабат Тажибек кызынын эки колунда, сол жаагында, сол колтугунда көгала тактар бар экени аныкталганын, бирок бул тактарды сүрөт, видеого тартууга мекеменин кызматкерлери уруксат бербегенин, анын негизинде акт түзүлгөнүн да билдирди.

Институттун кызматкерлери аталган абакка барган учурда ал жерде атайын прокуратуранын жана кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун өкүлдөрү да болгон. Алардын маалыматы боюнча бул факт маалыматтарды каттоо журналына катталып, текшерүү иштери башталды.

Жолугушуу учурунда Тажибек кызы жана Аранова укуктарын коргоп берүүсүн суранып акыйкатчынын атына арыз жазышты. Акыйкатчы тергөө абагында отургандардын укуктарын камсыздоону жана аларга күч колдонуунун негиздүүлүгүн тыкыр иликтөөгө чакырды.

Эске салсак, буга чейин Болот Темиров журналист Махабат Тажибек кызы тергөө абагында сабалганын социалдык тармактагы баракчасында айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан