11-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу болбойт 

11-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан Билдирди.

Ага ылайык, таза суу саат 9:00дөн 22:00гө чейин өчүрүлөт. Бул Батыш-2 суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштеринин жүрүшү менен байланыштуу экени кошумчаланды.
Суу жок боло турган аймактар:
Ала-Арча дарыясы — темир жол линиясы — Жибек Жолу проспектиси — Жаш Гвардия бульвары;
Жаш Гвардия бульвары — темир жол линиясы — Фрунзе — Манас проспектиси;
Дэн Сяопин проспектиси – Ала-Арча дарыясы – Бөкөнбаев көчөсү — Кулиев көчөсү — Москва көчөсү — Фучик көчөсү — Казаков көчөсү.
Мэрия шаар тургундарынан ыңгайсыздык үчүн алдын ала кечирим сурап, ичүүчү сууну камдап алууну эскертти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан