“Манас” университетинде ачык асман алдында ооз ачуу саамалыгы өттү

Ушул жылдын 5-апрелинде Кыргыз-Түрк Манасуниверситетинде Орозо шаңы салттуу ачык асман алдында ооз ачуу саамалыгы менен коштолду. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматынан билдирди.

Миң айдан артык Кадыр түнгө дал келген ачык асман алдында ооз ачуу саамалыгына Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдар кеңешинин мүчөсү, профессор Медеткан Шеримкулов, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева баш болгон башка министрликтердин өкүлдөрү, Азербайжандын өлкөдөгү элчиси Гандилов Латиф Сейфаддин оглун, Түркмөнстандын элчиси Нура Голлиев жана башка элчиликтердин өкүлдөрү ошондой эле маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев жана бир нече сыйлуу коноктор, ишкерлер, профессордук-окутуучук курам, басма сөз өкүлдөрү, студенттер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Саамалыкта “Республика” көчөсүнө ондогон дасторкон жайылып, кыргыз жана түрк желектери менен “Ачык асман алдындагы ооз ачуу кечесине кош келиңиздер!” деген жазуулар илинип, айрым бак-дарактар ​​Орозо чырактары менен кооздолду.

“Манас” университетинин кампусу берекеге толду

Акыркы 3 жылдан бери уюштурулган ооз ачуу кечесине коомдун бардык катмарынан жаш-кары дебей бир дасторконго чогулду. “Манас” университетининде он бир айдын султаны Орозо айынын шаңы менен дуба окулуп, ооз ачылды. Бул өзгөчө иш-чара жүрөктөрдү бири-бирине жакындатты.

Ооз ачардан кийин окуу жайдын көркөм өнөр факультети тарабынан даярдалган “Рамазан диний ырлары” аттуу суфий музыкалык концерти тартууланды.

Нөшөрлөп жааган жамгырга жана суук аба-ырайына карабастан ачык асман алдында ооз ачуу кечеси шыктануу жана кубаныч менен өтүп, 3 миңден ашуун адам катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан