Күн ачык болот. 8-апрелге карата аба ырайы

Эртең, 8-апрелде өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдирди.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуусу күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн + 3… + 8, күндүз + 19 … +24,

Талас жергесинде түнкүсүн +2… + 7, күндүз + 16…+21,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2… + 7, күндүз + 16…+21,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0 … + 5, күндүз +12…+17,

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз + 12…+17.

Ал эми Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз, +22…+24 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан