Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата токой чарбасынын Гумкана токойчулугунун Таш-Булак участкасында 15 гектар аянтка 6 миң түп жаңгак көчөт отургузулду. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Токой кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, көчөт отургузуу иштери “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында ишке ашты.
"Иш-чара “Кыргызстандын студенттери жашыл экономика үчүн” коомдук уюму, Токой кызматы, Маданият министрлиги менен биргеликте, ЕККУнун Программалык кеңсесинин, Кыргызстандагы GIZ, Кызыл Ай коомунун колдоосу менен уюштурулду", - деп жазылат билдирүүдө.
Маалымат үчүн: Арстанбап-Ата токой чарбасы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жайгашкан. Мамлекеттик токой фондусундагы жалпы аянты – 19001,5 гектар, токойлуу аянты 9672,2 гектарды түзөт. Анын ичинен 3726,6 гектары жаңгак токойлор.
Былтыр токой чарбанын жалпы аянт 40 гектар жерине экме токойлор отургузулган. Анын 37 гектарына 12 миң 300 даана жаңгак, 3 гектар жер аянтка 1 миң даана алма, алча көчөттөрү эгилген. Ал эми көчөтканаларда 1,1 миллион даана ар түрдүү көчөттөр өстүрүлгөн.