Рамиз Алиев: "Бизге биринчи жолу силер жарамазан айтып келдиңер"

SUPER.KG порталы жыл сайын салттуу түрдө чыгармачыл адамдар менен биргеликте жарамазан айтууну уюштуруп келет. Быйыл биздин чыгармачыл топ жылдагыдан өзгөчөлөнүп, мурда барбаган жерлерде болду.

Алсак, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине күтүлбөгөн жерден шаан-шөкөт менен барып, жакшы маанай тартуулады. Ишкананын жетекчиси Рамиз Алиев мекемеге биринчи жолу биздин портал жарамазан айтып келгенин билдирип, ыраазчылык айтты.

Мындан тышкары борбордогу сулуулук салондорунун бирине да ырдап-бийлеп баш бакты.

Соңунда актриса, өлкөнүн Эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева жана анын окуучуларына жарамазан айтылды. Ал жерден актрисанын шакирттери өз өнөрлөрүн тартуулап, жарамазан айтып барган чыгармачыл топту жакшы маанайда узатышты.

Толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан