Бүгүн балдарды 1-класска электрондук каттоо башталды

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн, 8-апрелде 1-класска балдарды электрондук каттоо башталды. Электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт.

Биринчи этап жашаган же катталган жери боюнча 8-апрелден 2-июнга чейин жүргүзүлөт. Ал эми экинчи этап анык жашаган жери боюнча 3-июндан 30-августка чейин созулат.

Белгилүү болгондой, ата-энелер балдарды 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында каттай алат.

1-класска кирүү үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– баланы жалпы билим берүү уюмунун 1-классына кабыл алуу жөнүндө ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин арызы;

– баланын жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин инсандыгын ырастоочу документтери: мыйзам чегинде белгиленген тартипте баланы жалпы билим берүү уюмунун 1-классына аныктоо үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспорту же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;

– ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);

– баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энесинин биринин паспорту, же болбосо мыйзамда белгиленген тартипте баланы 1-класска аныктоо үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;

– алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);

– баланын 3х4 өлчөмүндөгү сүрөтү.

Электрондук каттоого байланышкан суроолор боюнча чалуу борборуна 110 (call-центр) кайрылуу керек. Белгиленгендей, чалуу борбору 8-апрелден баштап 30-августка чейин иш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан