Бишкекте "Ак илбирс" спектаклинин бет ачары өттү (сүрөттөр)

Кечээ, 7-апрелде Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында экология маселесин көтөргөн "Ак илбирс" аттуу спектаклдин бет ачары болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, спектаклди жазуучу жана драматург Жаныш Кулмамбетовдун "Ак илбирс" чыгармасынын негизинде Жамал Сейдакматова атындагы "Туңгуч" жаштар драма театры тартуулады.
Ушул эле спектакль 16-17-19-апрель күндөрү "Сейтек" балдар борборунда да көрсөтүлөт.
"Ак илбирс" спектаклинде адам баласынын ырайымсыздыгы, алардын Кызыл китепке кирген жаныбарларды жок кылып жатканы, экология, айлана-чөйрөнү коргоо маселелери көтөрүлөт. Ал элдин экология боюнча маалымдуулугун жана түшүнүгүн жогорулатуу, Кызыл китепке кирген жаныбарларды сактоонун маанилүүлүгүн белгилөө, ак илбирсти сактап калуу жана анын санын көбөйтүү максатында даярдалган" деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик спектакль мамлекет башчы Садыр Жапаровдун колдоосу менен тартууланганын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан