"Көзүмө жаш келип турат". Казакстандыктар Кыргыз элине массалык түрдө ыраазычылыктарын билдиришүүдө

Коңшу казакстандыктар гуманитардык жүктөрдү жөнөткөнү үчүн кыргыз элине жана өлкө бийлигине социалдык тармактар аркылуу массалык түрдө ыраазычылыктарын билдиришүүдө.

Ушул тапта 16 жүк ташуучу унаага жүктөлгөн 270 тонна гуманитардык жүк Казакстанга жеткирилген. Гуманитардык жүктүн арасында азык-түлүк, кийим-кече, тез даярдалуучу кесме, таттуу азыктар, электр жылыткычтары, матрац жана чатырлар бар.

"Кыргызстан рахмат, мыктысыңар!";

"Менин гана ыйлагым келип жатабы? Жарайсыздар чыныгы бир тууган эл";

"Ушундайда бир туугандыгыбыз билинет, достугубуз бекем болсун!";

"Кыргыз элиме рахмат, көзүмө жаш келип турат" деп ыраазычылыктарын билдиришүүдө казакстандыктар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан