"Ал менин аялым эмес". Алымкадыр Бейшеналиев интернетке тарап жаткан унаалар боюнча жооп берди

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев интернет желесинде "Бейшеналиевдин унаалары" деген жалган маалыматтар тарап жатканын айтып, жооп берди.

Министр мындай жалган маалыматты депутат Жусупбек Коргонбай уулу таратып жатат дейт.

"Депутат Жусупбек Коргонбай уулу туура эмес маалымат таратып жатат. Ал берген маалыматтар бир катар интернет булактарына жайылып, "Алымкадыр Бейшеналиевдин көп унаасы бар экен" деп талкуулап жатышат. Маалыматта, Кулматова Гульнара Ренатовна Бейшеналиевдин жубайы, ага көп унаалар катталган дептир. Ал менин аялым эмес. Маркум Кулматов Ренатты менин кайнатам дешиптир, бул дагы жалган. Менин аялым Кулматова Замира Марленовна. Анын наамында 2002-жылы чыгарылган Lexus RX 300 унаасы бар. Мамлекеттик номери 01KG 537 AAY.

Менин кызым Бейшеналиева Салтанат Алымкадыровна. Ага катталган машина 2008-жылы чыгарылган Honda Аccord, номери 01 KG 906 ANL. Эл өкүлү жалган маалымат таратууну улантып, башка эле адамды менин жубайым кылып салганы абдан осол иш. Анын калптарына ишенбеңиздер.

Ал эми жубайым Замира Марленовна эки жыл болуп калды, рак илдетине чалдыгып, Түркияда 9 ай дарыланганын мурда дагы айттым эле. Учурда Орусияда химия алып жатат. Интернетте тарап жаткан жалган маалыматтар оорулуу адамга абдан терс таасирин тийгизет экен. Такталбаган маалымат менен каралоо кылып жаткандарды ушак таратууда тактап коюуга чакырат элем" - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан