Абибилла Кадырбердиев Ош облусунун казысы болуп дайындалды. Өмүр баяны

Ош облусунун мусулмандарынын казысы болуп Абибилла Кадырбердиев дайындалды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка муфтий Абдулазиз Закиров кол койду.

Жаңы дайындалган казыны жамаатка Муфтийдин 1-орун басары Самидин Атабаев тааныштырган.

Өмүр баяны

Абибилла Кадырбердиев 1977-жылдын 19-декабрында Баткен облусундагы Кадамжай районуна караштуу Жаңы-Жер айылында туулган.

БИЛИМИ:

  • 1996-жылы Совет айылындагы №72 Кесиптик-техникалык окуу жайында билим алып, «көркөм кооздоочу» адистигине ээ болгон.
  • 2003-2007-жылдары Кадамжай районуна караштуу Өрүкзар айылындагы «Азирети Усман» атындагы медреседе окуган;
  • “Азирети Усман” ислам медресеси;
  • “Расул Акрам” ислам институту;
  • Кадамжай району Совет шаарчасыдагы № 72 Кесиптик техникалык окуу жайы, Көркөм кооздочу адистиги.
  • Жалал-Абад шаарындагы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети, бух.учет, анализ жана аудит факультети. Экономика адистиги

ЭМГЕК ЖОЛУ:

  • 1997-1998 — 2004-жылга чейин Жаңы-Жер айылындагы №28 О. Абдрахманов атындагы орто мектебинде көркөм өнөр жана черчение сабактары боюнча мугалим болуп эмгектенген;
  • 2007-2009 — «Азирети Усман» медресесинде мүдүрдүн орун басары;
  • 2009-2010 — Жаңы-Жер айылындагы «Имам Аьзам» атындагы мечитте имам;
  • 2010-2015 — Кадамжай районуна караштуу Кара-Дөбө айылындагы «Имам Аьзам» медреседе баш мударрис;
  • 2013-2016 — Жаңы-Жер айылындагы «Алхаади» атындагы мечитте имам-хатиб;
  • 2014-2015 — Баткен облустук казыятында фатва бөлүмүнүн башчысы;
  • 2014-жылдын 4-март Кыргызстан Аалымдар кеңешинин мүчөсү;
  • 2015-жыл декабрь — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы.
  • 2016-жыл, ноябрь — 2017-жыл, апрель — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын үгүт-насаат, жаштар жана түрдүү агымдар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2017-жыл 3-апрель — Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын аппарат жетекчиси.
  • 2019-жылдын 19-февралынан 2021-жылдын апрель айына чейин Аалымдар Кеңешинин төрагасы.
  • 2021-жыл 26-июндагы Кыргызстан мусулмандарынын VII Курултайынын чечими менен Аалымдар Кеңешинин мүчөсү.
  • 2021-жылдын 27-июлунан баштап, ушул жылдын 5-апрелине чейин Муфтийдин орун басары кызматын аркалап келген.

Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан