Бишкектин көчөлөрү самын менен жуула баштаганын шаар мэриясынын басма сөз кызматынын кызматкери билдирип, фейсбук баракчасына видео жүктөдү.
"Көп жагынан эле кыялданып жүргөн өлкөлөргө жакындап баратабыз, эми аң сезимди гана оңдошубуз калды. "Германияда көчөлөрдү самындап жууйт экен" деп таң калчу белек? Мына, буюрса Бишкектин көчөлөрү дагы самын менен жуула баштады", - деген ал.