ИИМ ала качуу кылмыш экенин дагы бир жолу эскертти

Ички иштер министрлиги ала качуу кылмыш экенин дагы бир жолу эскертти. Ага ылайык, жашы жете элек өспүрүмдөрдү мажбурлоо менен никеге тургузуу бул адам укуктарынын бузулушу жана ага дуушар болгон жеке адамдар гана эле эмес, жалпы коомдун саламаттыгына терс таасирин тийгизет.

Министрликтин маалыматына таянсак, адамды никеге турууга мажбурлоо, ошого тете мажбурлап түзүлгөн никени улантууга мажбурлоо Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренесине ылайык үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.

"Кыз ала качуу же мажбурлоо менен никеге тургузуу Кыргызстандын маданиятына жана каада-салттарына эч кандай тиешеси жок жана калктын аярлуу тобунун укугун бузат!" деп эскертти министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан