Кыргызстанда жер бетиндеги жаныбарлардын 3 пайыздан ашыгы кездешет

Кыргызстанда жер бетиндеги өсүмдүктөрдүн 2 пайызга жакыны, жаныбарлардын 3 пайыздан ашыгы кездешет. Аянты боюнча чакан өлкө болгонубузга карабастан өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын 26 миң 500дөн ашык түрү жашаса, алардын көпчүлүгү уникалдуу жана бизде гана кездешет. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Билдиргендей, бирок өлкө бул укмуштуу ар түрдүүлүктү сактоо чакырыгына туш болууда. Адамдардын иш-аракеттеринен улам көптөгөн түрлөрү жок болуп кеткен. Ал эми башкалары коркунуч алдында туруп, саны тынымсыз азайып бара жатат. Мисалы, жолборс, кызыл карышкыр жана бизон сыяктуу ири жана орто сүт эмүүчүлөрдүн үч түрү жок болуп кеткен.
Канаттуулар фаунасында 26 түрү жок болуп кетүү коркунучунда турса, курт-кумурскалардын 150дөн ашык түрү жана 30дан ашык башка омурткасыздар да жок болуп кетүү коркунучуна туш болууда. Омурткасыздардын эки түрү биздин өлкөдө тукум курут болгон деп таанылган.
"Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизүү үчүн жоголуп бара жаткан жана жок болуп кетүү коркунучунда турган түрлөрдүн тизмесине канаттуулардын 57 түрү, сүт эмүүчүлөрдүн 23 түрү, амфибиялардын 2 түрү, сойлоочулардын 8 түрү, балыктардын 7 түрү, муунак буттуулардын 18 түрү, ошондой эле жогорку өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын 89 түрү кирет", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан