№2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 112 миң 495;
№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 125 миң 344;
№9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 111 миң 995 адам добуш берет.
Баткен, Ош жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 35 талапкер катталган.
№2 Баткен шайлоо округунан 10 талапкер, 14 талапкер №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан жана 11 талапкер №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан катталды. Ош шайлоо аймагынан койгон талапкерлердин ичинде бир аял бар.
Эске салсак, мөөнөтүнөн мурда шайлоо ушул жылдын 28-апрелинде өтөт.