"Көрсөң көзүң кубанат". Бишкекте күзүндө отургузулган жоогазындар гүлдөй баштады (сүрөттөр)

Бишкек шаарында күзүндө отургузулган 170 миң жоогазын гүлдөрү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Жакында жоогазын гүлдөрү Курманжан Датканын эстелигинин айланасында, Кыргыз улуттук филармониясында, Түштүк магистралда, Жумабек менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде, Гоголь көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде, Масалиев көчөсүндө, Өкмөттүк, Театрдык жана Эмгек Даңкы скверлеринде, Свердлов райондук администрациясынын жанында, Эмен, Ынтымак, Жеңиш парктарында жана Каражыгач токоюнда, ошондой эле Жаштар аллеясында ачылат.
Белгилей кетсек, жоогазындар гүлдөп бүтөрү менен, баштары кылдаттык менен казылып алынып, кургатылып, кийинки күздө кайрадан гүлзарларга отургузулат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан