Кыргызстанда апрель айынын башына карата күйүүчү майдын орточо баасы бир аз көтөрүлдү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитети жарыялады.
Ага ылайык, азыркы тапта АИ-95 маркасындагы күйүүчү майдын литри - 71,48 сомдон сатылууда. Ушул эле марка март айында 70,19 сом болгон. Ал эми АИ-92 - 64,64 сомдон сатылып жатат. Март айында бензиндин бул түрүнүн баасы 63,25 сомду түзгөн.
Учурда АИ-80дин орточо баасы - 58,35 сомдон болсо, мартта 58,34 сомдон болчу. Ал эми дизель майынын литри март айында 71,52 сом болсо, учурда 72,52 сомдон сатылууда.