3-апрелде Ошто 30 жаштагы келин төрөттөн көз жумду. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында айтылат.
Маалым болгондой, келин 25-мартта кош бойлуулуктун 33 жумалыгында оор абалда төрөт үйүнө түшкөн. Анын жүрөгүндө кемтиги болгону үчүн ага шашылыш түрдө кесарево жасалат. Ымыркай айына жетпей 2 килограмм 350 грамм салмак менен төрөлгөн.
Төрөттөн кийин келин жандандыруу бөлүмүндө эс-учун билбей жатып, 3-апрелде каза болуп калган.
Ал эми ымыркай 6-апрелде патология бөлүмүнө которулган.