Эртең, 9-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймакта жаан жаап, күн күркүрөйт.
Кыргызгидромет борборунан билдиргендей, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +12 … +17,
Талас жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +10…+15,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7… +12, күндүз +17…+22,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1… +6, күндүз +12…+17,
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз + 12…+17.
Ал эми Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз, +13…+15 градус болот.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.