Баткен облусу акыркы үч жылда 205 даана атайын техникалар менен камсыз болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Алар:
- ички иштер тармагына 32 кызматтык унаа берилди. Алар аймактык тескөөчүлөр үчүн, мед кызматы үчүн, көчмө кабылдама үчүн кызматтык унаалар;
- өзгөчө кырдаалдар тармагына 26 техника берилген. Алар жүк ташуучу, өрт өчүрүүчү, авариялык-куткаруу унаалары, автобустар;
- жол тейлөө тармагына 21 техника берилген. Алар жол оңдоо жана жол куруу үчүн техникалар, таш майдалоочу жабдык, музга каршы туз чачуучу, кардан тазалоочу механизм берилген;
- энергетика тармагы 11 техника менен камсыз болгон. Алар жүк жүктөөчү-экскаватор, КамАЗ, жүк ташуучу унаа, жүк көтөрүүчү кран, бригадалык унаа;
- саламаттыкты сактоо тармагына 36 даана атайын унаалар берилген. Алар тез жардам унаалары, санитардык автоунаалар, вакцина ташуучу муздаткычтуу унаалар;
- Баткен бажысына 4 даана кызматтык унаа;
- маданият тармагына бир кичи автобус;
- массалык маалымат каражаттар тармагына 1 даана кызматтык унаа;
- Баткен аэропортуна 1 даана кар тазалоочу трактор;
- Райондук мамлекеттик администрациялар, шаардык мэриялар жана айыл өкмөттөрүнө 72 даана техника берилген. Алар коомдук транспорттор, айыл чарба техникалары жана кызматтык унаалар.