Бишкекте кайгуул кызматкерлер аймактарга каттаган унаалардын техникалык абалын текшеришти. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришти.
Ага ылайык, Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери жүргүнчү ташуу менен алектенген мекемелеринде эртең мененки унаа каражаттарын техникалык кароо, айдоочуларды медициналык кароо учурларын текшеришти.
Мындан тышкары, алар мекемелердин айдоочулары арасында, ар бир айдоочу менен жеке маектешүү өткөрүштү.
"Аталган иш-чара жолдогу жүргүнчү ташуу менен алектенген унаа каражаттарынын жол транспорт кырсыктарын алдын алууга багытталып, эң негизги жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна көңүл бурууларын эскертишти", - деп айтылат маалыматта.