Өлкөдө акыркы 3 жылда канча чакырым жол асфальтталды? 

Кыргызстанда акыркы 3 жылда 2059,6 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 2021-жылы жол тармагын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен 12,9 миллиард сом бөлүнгөн. Анын ичинен "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча 2,3 миллиард сом өздөштүрүлүп, 160 чакырым жолго асфальт төшөлсө, "Мамлекеттик инвестициялар" тармагы боюнча 7,5 миллиард сом өздөштүрүлүп, 113 чакырым жол жасалган. Учурдагы бюджеттин эсебинен 13,5 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Жалпысынан 2021-жылы 286,5 чакырым жол жасалган.
Ал эми 2022-жылы бюджеттен 22,9 миллиард сом бөлүнүп, 557,9 чакырым жолго асфальт төшөлсө, 142,2 чакырым жол жасалган. Ошондой эле учурдагы бюджеттин эсебинен 196,1 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Жалпысынан 2022-жылы 896,1 чакырым жол жасалган.
2023-жылы Транспорт жана жолдор министрлигине 16,7 миллиард сом каралган. Жыйынтыгында 515,9 чакырым жол асфальтталса, 176 чакырым жол жасалган. Учурдагы бюджеттен эсебинен 186 чакырым жолго асфальт төшөлүп, жалпысынан өткөн жылы 877 чакырым жол асфальтталган.
Быйыл бул тармакка 14,6 миллиард сом каралган. 31-мартка карата учурдагы бюджеттин эсебинен Финансы министрлиги 1,36 миллиард сом каржылаган. Ага ылайык, 660 чакырым жолдун оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүү пландалууда.
Белгилей кетсек, 2021-жылга чейин Кыргызстанда жыл сайын орто эсеп менен 250 чакырым жолдор жасалып турган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан