Бүгүн, 8-апрелде Бишкек шаарынын мэриясы стандиондун учурдагы абалы менен тааныштырган сүрөттөр менен бөлүшүп, келечекте кандай болоорун чагылдырган эскизин жарыялады.
Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин чечими менен объект муниципалдык менчикке өткөн.
"Бүгүнкү күндө жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик Институтунун чакан аренанын аймагындагы курулмалар жер титирөөгө туруктуу эмес жана авариялык абалда экендиги жөнүндө техникалык корутундусу бар", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары мэрия жакында жаңы кичи аренанын курулушу башталарын маалымдады.
"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын адистери чакан аянтчанын алдын ала долбоорун иштеп чыгышты. Долбоордо спорт залдары, калыстар бөлмөлөрү, чечинүүчү жана машыктыруучу жайлар, административдик жана башка жайлар каралган", - дейт мэриядан.
Эскерте кетсек, буга чейин жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы кичи аренанын аймагындагы "Арзу" жана "Тайм аут" кафелерин демонтаждаган.