Ошто Орозо айт намазы аянтта эмес, мечиттерде окулат

Ош шаарында 10-апрель күнү Орозо айт намазы муфтияттын чечимине ылайык жума намаздары окулуп жүргөн мечиттерде гана окулат. Аянтта окулбайт. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Муфтият мындай чечим акыркы убакта дүйнөдө болуп жаткан кырдаалдарга байланыштуу элдин коопсуздугун эске алынуу кабыл алынганын билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 8-апрелде Ош калаасында Орозо айт намазы борбордук аянтта окулары тууралуу маалымдалган.

Эске салсак, быйыл Орозо 11-мартта башталган. Өлкөдөгү ооз бекитүүнүн жана ооз ачуунун убактылары (календарь). Орозодо кантип туура тамактануу керек? Диетолог менен маек.

Быйылкы битир-садаканын өлчөмүн шилтеме аркылуу кирип окусаңыз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан