Бишкекте туура эмес токтотулган унаалар эвакуацияланат

Бишкек мэриясы жол тыгынын азайтуу үчүн башаламан унаа токтотууну иретке келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, эми мындан ары туура эмес токтоткон унаалар сөзсүз түрдө эвакуацияланат. Ал үчүн жаңы эвакуаторлор сатылып алынды.

Ага ылайык, иш-чарага калаа бийлигинин тиешелүү кызматтары Бишкек ШИИББинин Кайгуул милициясы менен бирге катышууда.

Ал эми атайын жол белгиси менен тыюу салынган жерге жана көрктөндүрүү аймактарына токтотулган унааларга айып салынат.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын Муниципалдык инспекциясы жана Кайгуул милициясы шаардагы муниципалдык жолдо жүргөн оор жүк ташуучу унааларга айып салышат.

"Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинен тарта максималдуу массасы 18 тоннадан ашык жүк менен жүрүүгө уруксат берилген жүк ташуучу унааларга муниципалдык жолдо жүрүүгө тыюу салынган. Чектөө 7:00дөн 21:00гө чейинки аралыкта иштейт.

Аталган чектөө гуманитардык жардам жана тез бузулуучу тамак-аш азыктарын ташыган, мэрия тарабынан автомобиль жолдорун куруу, оңдоо боюнча иштерди аткаруу үчүн тартылган, шаардын аймагында муниципалдык тапшырыктын негизинде жүк ташыгандарга колдонулбайт",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан