Кыргыз тасмасы биринчи жолу Орусиянын 50дөн ашуун шаарында прокатка чыгууда (сүрөт)

Заманбап кыргыз киносунун тарыхында биринчи жолу режиссёр Руслан Акундун "Бейиш эненин таманында" аттуу тасмасы 11-апрелден тарта Орусиянын 59 шаарында прокатка чыга баштайт. Тасма Голливуд жылдыздарынын сүйүктүү үнү менен орусчага дубляждалган.

Тасма тууралуу: Тасма психикалык өнүгүүсү 8 жаштагы баланын деңгээлинде калган өзгөчө адам 35 жаштагы Адилдин укмуштуу окуясын баяндайт. Адил кичинекей айылда 75 жаштагы апасы Райхан апа менен жашайт.

Райхан апа Адилге Алла Таала аны өзгөчө жакшы көрөрүн, ошондуктан түз эле бейишке кирерин айтып келет. Бирок Адил апасы жок бейишке баргысы келбейт. Күндөрдүн биринде ал 8 жашар баладан апасын ажылык үчүн ыйык Меккеге жөө алып барса, апасы бейишке кире аларын угат.

Адил укмуштуудай жана кайраттуу саякатка чыгууну чечип, апасын араба менен жөө Меккеге алып барууга көндүрөт. Райхан апа уулу Адилге элдин баары күлүп калат деп коркуп сапарга макул болот.

Бул кызыктуу сапарда Адил менен Райхан апа далай сыноолорду башынан өткөрөт, жолдо көптөгөн боорукер, кызыктуу адамдарга жолугуп, ар бири аларга жардам берип, колдоо көрсөтүшөт.

Тасма эненин уулуна болгон сүйүүсүнүн күчү жөнүндө, бардык улуттагы адамдардын боорукердиги жана ачык жүрөгү гана адамзатка ар бир кыйынчылыкты жеңүүгө жардам берери тууралуу баяндайт. Тасма көрүүчүлөргө Адил менен апасы саякаттаган аймактардын укмуштуудай пейзаждарына жана маданий өзгөчөлүктөрүнө сүңгүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Тасма Кыргызстанда, Өзбекстанда, Казакстанда, Түркияда, Египетте жана Сауд Аравияда тартылган.

Аталган тасма Казакстанда 21-марттан баштап прокатка чыкса, Өзбекстанда жана Орусияда 11-апрелден тарта чыга баштайт. Ошондой эле тасманы түрк жана араб тилдерине да которуу пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан