"Биринчи неберелерим куттуктады". Өлкөнүн Эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева 57 жашка чыкты

Бүгүн, 9-апрелде өздүк майрамын белгилүү актриса, өлкөнүн Эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева белгилеп жатат. Аны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, маанайы мыкты экенин билдирди.

"Маанайым абдан жакшы. Туулган күндү үй-бүлөм менен тосуу традиция болуп калган. Жакындарымдын курчоосунда, ак дасторкон үстүндө белгилегени турабыз. Түнкү саат 12де биринчилерден болуп неберелерим торт, гүлдөрүн көтөрүп келип куттукташты. Ошондон бери телефонум чалуулардан, смс билдирүүлөрдөн жарылып жатат, курьерлер аркылуу белектер келип жатат (жылмайып)", - дейт актриса.

Шайыр Касымалиева 1967-жылы 9-апрелде Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында туулган. 1985-жылдан тарта Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайында төрт жыл окуган. Кыргыздын бир канча кино жана сериалдарында роль жараткан актриса 2017-жылы "Махабат" аталышындагы фильмдин сценарийин жазып, башкы каармандын образын аткарган.

"Супер-Инфо" гезитине берген маегинде чыгармачылыгы тууралуу буларды айтып берген:

"Кудай берген талант элден өзгөчөрөөк, бир аз бийигирээк болсо, бут тосуулар болот экен. Анын баарын жеңдим, азыр да андайларды жеңип келатам. Апам айтар эле, «болсоң эң алдыңкы актриса бол, болбосоң орто заар болуп театрда иштебей эле кой» деп. Бирок мен ойлойм, театр, кинодо мен өз ордумду таба алдым деп.

Кино жаатында эң биринчи ролум маңдайыма жазылган бактым экен, Ч.Айтматовдун “Бетме-бет” чыгармасы боюнча тартылган “Куш өмүр” тасмасындагы Сейденин образы болду. Андан бери аздыр-көптүр тасмаларга тартылып эле келем. Ал эми спектаклдерде студент кезден бери эле ойноп жүрөм. Театр сахнасында көксөп жүрүп жеткен образым Жульеттанын образы, ал эми таптакыр каалабай туруп ойногон ролум “Майраш” спектаклиндеги Майраштын ролу болду".

Актриса Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 2016-жылы президенттин колунан "Даңк" медалын алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан