Бишкекте "Жаңы ысымдар" эл аралык студенттик театр фестивалы өтөт

16-19-апрелде Бишкек шаарында IX "Жаңы ысымдар" эл аралык театр фестивалы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинен билдиришти.

Маалымдалгандай, эл аралык иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана Азербайжан өлкөлөрүнүн театр адистигинде билим алып жаткан студенттери катышат.

"Фестиваль жыл сайын чыгармачыл жаш театр искусствосуна тиешеси бар студенттердин – театр артисттеринин, режиссёрлордун, драматургдардын, сынчылардын, сценографтардын жана көркөм окуу чеберлеринин катышуусунда жаш таланттардын сахна өнөрүндө профессионалдык жактан калыптануусуна стимул берүү жана чет элдик тектеш профилдеги окуу жайлар менен чыгармачылык тажрыйба алмашуу максатында өтүп келет",-деп айтылат маалыматта.

Аталган фестивалда бир нече номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталат. Алар акчалай сыйлык жана атайын дипломдор менен сыйланат.

Маалымат үчүн: Фестиваль Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети жана Кыргызстан театр ишмерлер союзу тарабынан 2016-жылдан бери уюштурулуп келет. 2021-жылдан тартып "Эл аралык" статусун алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан