"Үйгө белектерди жөнөтүп жатышат". Ырчы Самара Каримова туулган күнүн белгилеп жатат

Бүгүн, 10-апрелде өлкөнүн эмгек сиңирген артисти Самара Каримова 33 жашка чыкты. Ырчы айым өздүк майрамын үй-бүлөсүнүн, жакындарынын курчоосунда өткөрөрүн байланышканыбызда айтты.

"Өздүк майрамымды үй-бүлөм, жакындарым менен тосом. Биринчилерден болуп туулган күнүмдү балдарым куттуктады.

Белектин арзан-кымбаты болбойт деп коёт эмеспи, ошондуктан эң башкысы чын жүрөктөн берилсе, ошол эң кымбат деп ойлойм. Түндө саат 12ден баштап эле Бишкектеги, чет өлкөдөгү досторум, күйөрмандарым, туугандарым үйгө ар кандай белектерди жөнөтүп жатышат. Ар тараптан жакшы каалоо-тилектерди, куттуктоолорду угуп, кубанычымда чек жок. Кудайга шүгүр, элдин кызы болгонума" деп билдирди ал.

Ошондой эле ырчы эртең, 11-апрелде Ош шаарында 20 күндүк концерти башталарын кошумчалады.

Өмүр баяны

Ырчы 1991-жылы 10-апрелде Лейлек районунун Өзгөрүш айылында туулган. Ырчы айымдын атасы Эрмек Каримов аккордеондо ойноп, көптөгөн тилде обон созот. Кесиби боюнча орус тили жана адабиятынан мугалим. Апасы Разия Шарипова Кыргыз Республикасынын ардактуу медициналык кызматкери. Самара сегиз бир туугандын жетинчиси.

Билими

1998-2009-жылдары Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Айкөл айылында Н.Батыров атындагы орто мектебин аяктаган;
2009-2011-жылдары Кыргыз-Түрк Манас университетинде актёрдук бөлүмүндө окуган (2 курс);
2012-2017- жылдары Ош Экономикалык институтунун бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит адистиги боюнча билим алган;
2017-2020-жылдары Ош мамлекеттик Юридикалык институтунан юристтик адис боюнча билим алган;

Чыгармачылыгы

Кыргыздын улуттук колоритин сактап, мукамдуу үн созгон ырчынын репертуарында 300дөн ашык ыры, 50дөн ашуун клиби бар. Мындан тышкары:

  • 2012-жылы республиканын 7 дубанында, чоң шаарларда, Бишкек, Ош шаарында бир нече жолу жеке концерттерди аншлаг менен берген;
  • 2014-жылы "Күзгү романс" спектаклинде башкы ролду ойногон;
  • 2018-жылы "Илек-Илек" спектаклинде башкы ролду жараткан;
  • 2018-жылы - 23 сериялуу "Акшоола " телесериалында башкы каармандык образын аткарган;
  • 2019- жылы "Сен экөөбүз" тасмасында башкы каарман;
  • 2019-жылы Орусиянын Кремль сарайынын чоң залында "От сердца Азии к Миру" аталышындагы жеке концертин койгон;
  • 2019- жылы Өзбекстандын Ташкент шаарында "Маданият - достукка чакырат" аталышындагы жеке концертин койгон;
  • 2019-жылы Өзбекстандын Манас кыргыз шаарчасында 5000ден ашык көрүүчүлөргө жеке концертин койгон.

Сыйлыктары

  • "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "2014-жылдын супер дебюту" наамынын ээси болгон.
  • 2014-жылы Жүмамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына арналган республикалык конкурстун баш байгесин утуп алган. Т.Турсунбаева, М.Өмүрканова атындагы сыйлыктардын лауреаты.
  • Таттыбүбү Турсунбаева атындагы эл аралык сыйлыктын ээси;
  • Ош шаардык мэриясынын жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамоталары менен сыйланган;
  • Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамотасынын эсси, "Маданияттын мыкты кызматкери";
  • Кыргызстан аялдар конгрессинин "Мыкты айым" медалынын лауреаты.
  • Лейлек районунун "Ардактуу атуулу"
  • Кытай Эл Республикасынын 70 жылдыгын майрамдоого жана Кыргызстан менен Кытай элинин ортосундагы достукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн "Кыргызстандын алтын үнү" грамотасынын ээси;
  • Кыргыз-Кытай мамилелеринин бекемделишине кошкон салымы үчүн диплом менен сыйланган;
  • Кыргыз-Өзбек достугуна кошкон салымы үчүн Өзбекстандын "Саодат" аялдар журналынын Ардак грамотасынын ээси;
  • Кремлдеги концерти үчүн жана Орусиянын мамлекеттик Думасынын ыраазычылык катынын ээси;
  • Кыргыз Республикасын президентинин сааты менен сыйланган.

Иш тажрыйбасы:

2011- жылы Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында актриса;
2013-2017-жылдары Ош облустук элдик чыгармачылык борборунун директорунун орун басары (жетектөөчү адис);
2016-жылдары "Самара" театрлаштырылган топтун жетекчиси;
2017-2020-жылдары Ош шаардык маданият башкармалыгынын солисти;
2015-жылы Ж.Шералиев фондунун түштүк аймак боюнча өкүлү.

Жеке жашоосу

2011-жылы музыкант, Ош драма театрынын жетекчиси Аман Мансуровго турмушка чыгып, үч балалуу болушкан. Улуусу Барсбек 2012-жылы, кызы Даткайым 2013-жылы, кичүү уулу Алихан 2015-жылы төрөлгөн.

10-апрелдин жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан