Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан Папан суу сактагычына 20-25 МВтка чейинки чакан ГЭС куруу боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул маалыматты Энергетика министрлиги бүгүн, 10-апрелде таратты.
Документке “Чакан ГЭС” ААКтын башкы директору Нурлан Садыков жана «Гидроэнергетика куруу боюнча кыргыз-кытай биргелешкен коому» ЖЧКсынын башкы директору Цзян Лицзи кол коюшкан.
Маалыматка ылайык, инвестициялык долбоордун көлөмү 27 миллион долларды түзөт. Ошондой эле аталган компания Кыргыз Республикасынын бардык мыйзамдарын сактоого милдеттенме алды.