Бала бакчаларда тамак берүү кайра мамлекетке жүктөлөт

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талкуусуз үчүнчү окууда жактырышты.

Мыйзам долбоору мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарды тамак-аш менен камсыздоого мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүүнү карайт.

Жогорку Кеңештин 7-февралдагы жыйынында мамлекеттик бала бакчаларда ысык тамакты кайра өкмөттүн эсебинен берүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. Аны Элвира Сурабалдиева, Мирлан Самыйкожо баштаган бир нече депутат иштеп чыккан.

Эске салсак, былтыр 1-ноябрда Финансы министрлиги өлкөдө бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу ата-энелердин эсебинен ишке ашырыларын билдирген.

Министрлик 2023-жылдын 11-августундагы “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат” деп жазылганын белгилеген.

Бул маалымат коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. Эртеси, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо бала бакчаларды ысык тамак менен камсыздоону кайрадан мамлекетке жүктөө боюнча мыйзам долбоору иштелип жаткандыгын айткан. Эл өкүлү “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга кайрадан өзгөртүү киргизилип, балдардын тамагына ата-энелерден акча алуу нормасы жокко чыгарыларын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан