Боом капчыгайында 4 күн жол кыймылына чектөөлөр киргизилет

Боом капчыгайында 15-апрелден 19-апрелге чейин кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлүп турат. Мындан улам жол кыймылына чектөөлөр киргизилип, унаалар жолду тазалоо учурунда бир тилке боюнча өткөрүлүп турат.
"Иш-чара Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан