Садыр Жапаров альпинист Эдуард Кубатовго Кыргызстандын желегин тапшырды (сүрөт)

Бүгүн, 11-апрелде президент Садыр Жапаров Эвересттин чокусун багындырган белгилүү альпинист, Альпинизм Федерациясынын президенти Эдуард Кубатов менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Садыр Жапаров Кыргызстанда дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгилеген. Мамлекет спортчуларга колдоо көрсөтүүнү улантат жана жогорку натыйжаларга жетишүү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп берерин айткан.

Өз кезегинде Эдуард Кубатов жолугушуу үчүн президентке ыраазычылык билдирип, дүйнөдөгү бардык 14 сегиз миңдик чокуларды багындыруу ичине кирген эң абройлуу жана татаал "Жер Таажысы" программасына катышкандыгы тууралуу айтып берген.

"Ал үстүбүздөгү жылдын апрель айынан июль айына чейин дүйнөдөгү эң татаал үч - Лхоцзе, Макалу жана К2 чокуларына чыгууну пландап жатканын айтты. Ошол эле маалда чокуга көтөрүлүү кычкылтекти колдонбостон, “сплит” режиминде жүргүзүлөт" деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өлкө башчы Эдуард Кубатовго Кыргызстандын желегин тапшырып, чокуларды багындырууда ийгиликтерди каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан