Бишкекте оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары иш ташташты

Бүгүн, 11-апрелде Бишкек шаарында оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары иш таштап, митингге чыгышты.

Алар Арча-Бешик конушундагы жаңы салынып жаткан стадиондун аймагына унааларын токтотуп, иш ташташкан. Алар күндүзү шаар ичине жүрүүгө уруксат берүү керектигин айтышууда.

Буга чейин Бишкек мэриясы жол коопсуздугун камсыздоо, жолдун сапатын сактоо жана эксплуатациялоо мөөнөтүн узартуу максатында 5-апрелден 1-октябрга чейин саат 7:00 - 21:00 аралыгында оор жүк ташуучу унааларды шаар ичинде жүрүүгө тыюу салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан