Бишкекте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нейрохирургия бөлүмүндө мээге татаал операция жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Жалал-Абад облусунун 8 жаштагы тургунуна баш мээнин 4-карынчасынын түбүндө чоң шишик (тератома) бар деген диагноз коюлган.
"Мээнин 4-карынчасынын түбүндөгү шишикти - тератоманы алып салуу операциясы ийгиликтүү өттү. Тератоманын ичинде бир тутам чач болгон, ал болжол менен бала төрөлгөндөн тартып ооруканага кайрылганга чейин өсүп келген", - деп айтылат маалыматта.
Операцияга Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор Миталип Мамытов жана кафедра башчысы Бакыт Карачев баштаган нейрохирургия бөлүмүнүн дарыгерлери катышкан.