"Айып короого токтотулат". Кыргызстанда электросамокат менен жүргөндөр эреже бузса айып салына башташы мүмкүн(видео)

Бүгүн, 11-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга, Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын бириктирилген долбоору экинчи окууда каралып, электросамокаттарга байланыштуу маселелер талкууланды.

Анда эл өкүлдөрүн аталган транспорт каражатын колдонгондор тарабынан эреже бузулса кандай жаза колдонулары кызыктырды.

Депутат Элвира Сурабалдиева : "Электросамокат айдагандарга бүгүнкү күндө кандай жаза көрсөтүлөт?", - деп сурады.

Мыйзам долдоорунун демилгечиси Марлен Маматалиев эреже бузгандар 1000 сом айып пулга жыгыларын айтты.

Ошондой эле Элвира Сурабалдиева жашы жете элек болсо айыпты ким төлөйт деп кошумча суроосун узатты.

Демилгечи депутат колдонуучулардын жашы Министрлер кабинети тарабынан такталып чыгарын белгилеп, коңшу өлкөлөрдө 14 жаштан өйдө уруксат экенин мисал келтирди. Ошондой эле анын айтымында, 18 жашка толо электерди айыпка тартуу маселели чечиле элек.

Ал эми депутат Жылдыз Таалайбек кызы самокатты ичип алып айдагандардын жазасына кызыкты.

Буга ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев: "Самокат айдаган айдоочу мас абалда деген шек жарала турган болсо, биз аны наркологияга алып барып, самокатты айып коргоого токтотобуз", - деп жооп берди.

Мындан сырткары ал транспорттун бул түрүн колдонгондор дагы айыбын 1 айдын ичинде төлөсө 70 пайыз арзандатуу болорун билдирди.

Ага байланыштуу, эл өкүлү Камила Талиева 2020-2023-жылдардагы статистикага таянып, самокаттын катышуусунда 157 транспорт эрежелерин бузуу фактысы, 156 адам денесине түрдүү жаракаттар келтирилген факты катталганына токтолуп кетти.

Жогорку Кеңеш 11.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан