Бакудагы лицензия чыры: Чамизо ага жеңилүү үчүн 300 миң доллар сунушташканын айтып чыкты

Италиялык балбан Франк Чамизо Бакуда өткөн лицензиялык мелдеште ага жеңилип берүү үчүн 300 миң доллар сунушталганын айтып чыкты.

Чамизо италиялык Europsort басылмасына берген маегинде жарым финалда азербайжандык Туран Байрамовго жеңилүү үчүн ага 300 миң доллар сунушташканын, ага макул болбой койгондон кийин ошол акчаны калыс алышы мүмкүн экенин айткан.

"Азербайжанда мага абдан кыйын болорун билгем, анткени мен алардын үйүндө күрөшмөкмүн, алар баарын сатып алышты. Бүткүл турнир бою азербайжандык балбандарды күрөшүн бир эле калыс, Алексей Базулин тейледи.

Мен олуттуумун, алар мага келип акча, 300 миң доллар сунушташты. Ким экенин айткым келбейт, бирок таразага тартылып жаткан күнү эртең менен болгон", - деген Чамизо.

8-апрелде Бакуда өтүп жаткан лицензиялык турнирде Туран Байрамов менен Франк Чамизо жарым финалда кез келген. Бул жуптун утканы финалга чыгып, Олимпиада оюндарына жолдомо алмак. Жыйынтыгында Чамизо Байрамовго 8:8 эсебинде талаштуу түрдө жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан