Эмгек министрлиги мамлекеттен 100 миң сомду ким жана кантип ала аларын айтты

Президент Садыр Жапаровдун жакырчылыктан чыгуу демилгесин ишке ашыруунун алкагында быйыл 20 миң үй-бүлө мамлекет менен социалдык контракт түзө алат. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Эмгек министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, социалдык паспорту бар же "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр социалдык контракт түзө алышат. Үй-бүлөдө эмгек жана мүлк потенциалы болушу керек, ошондой эле реалдуу бизнес-план түзүлүшү керек.

Ага ылайык, Социалдык контракт түзгөн үй-бүлөгө өзүнүн чакан бизнесин ачууга же өнүктүрүүгө акысыз 100 миң сом берилет.

"Социалдык контракт түзүүдө 3 же андан көп балалуу же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө, “Бир айыл – бир продукт” долбоорунун жана жашыл экономиканын критерийлерине жооп берген кирешелүү жана туруктуу бизнес-планы бар үй-бүлөлөргө артыкчылык берилет",-деп айтылат маалыматта.

Учурда 13 миңге жакын үй-бүлө өз бизнесин ачып, мамлекеттин колдоосу менен киреше ала баштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан