Лейлекте милиция кызматкерлери 76 жаштагы эненин жоготкон акчасын таап берди

Лейлек милициясы 76 жаштагы эненин жоготкон акчасын таап берди. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Баткен ОИИБинен билдиришти.

Маалым болгондой, бир күн мурун Лейлек районунун Катраң айылынын 76 жаштагы тургуну Назакат Максутова Раззаков шаарындагы базарда кол сумкасындагы 10 миң рублун жана 3 миң сомун жоготуп алган.

Ага ылайык, ал бүгүн, 11-апрелде базарда кызмат өтөгөн милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнө кайрылып, каражатын таап берүүгө жардам сураган.

"Милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү ошол замат иликтөө иштерин жүргүзүп, эненин жоголгон сумкасын акчасы менен кошо таап берип ыраазычылыгын алды",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан