Бейшеналиев менен Австриянын элчиси саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууну талкуулашты

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министрлигинин “Орусия, Чыгыш Европа жана Түштүк Кавказ, Чыгыш өнөктөштүк, Түркия жана Борбордук Азия” департаментинин жетекчиси элчи Герхард Сайллердин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде аталган министрликтен билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууну талкуулашты.

"Алымкадыр Бейшеналиев министрлик эл аралык уюмдардын калктын ден соолугун чыңдоого жаңы ыкмаларды издөөгө, уюмдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, бардык саясатта ден соолук кызыкчылыктарын коргоого, саламаттык сактоо системасын бекемдөөгө кошкон салымын жогору бааларын баса белгиледи",-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары ал медициналык мекемелер тармагындагы долбоорлорду, анын ичинде жеңилдетилген кредиттик долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулоого даярдыгы жөнүндө билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кардиологиялык жана онкологиялык кызматтарды пайызсыз жеңилдетилген кредиттөө аркылуу модернизациялоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууну карап чыгууну макулдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан