Баткендин символу болгон дүйнөдө сейрек кездешүүчү гүлдөрдүн катарына кирген Айгүл гүлү гүл ачты. Бул тууралуу порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө жергиликтүү тургун кабарлап, гүлдүн сүрөттөрүн жөнөттү.
Гүлдүн илимий аты - эдуард чаар гүлү, жыл мезгилинин апрель айында 10-15 күнгө гана гүл ачып турат. Бийиктиги 30 сантиметрден 2 метрге чейин жетет.
Кошумчалай кетсек, бул өсүмдүк Кыргыз өлкөсүнөн башка Ооганстан тоо кыркаларында өсөт. Айгүл гүлүнүн таржымалы тууралуу шилтеме аркылуу кирип окуй аласыз.