Түндө Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги жоогазындарды үзүп кетишти. Мындай видеону шаардык мэриянын кызматкери социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарындагы жоогазындар гүлдөгөнү маалымдалган. Мэрия күзүндө калаага 170 миң жоогазын отургузулганын айткан.
Маалымат үчүн: жоогазындар гүлдөп бүтөрү менен, баштары кылдаттык менен казылып алынып, кургатылып, кийинки күздө кайрадан гүлзарларга отургузулат.