Бишкектеги "Ала-Тоо" аянты реконструкцияланат. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка караганда, реконструкциялоонун эскиздик долбоору "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасында аяктоо стадиясында турат, жакынкы арада аны ишке ашыруу боюнча иштер башталат.
Реконструкциялоонун башталышына байланыштуу коомдук жайлар, Эмгек Даңкы, Достук скверлери, Таттыбүбү Турсунбаева жана эл достугу монументи, анын ичинде "Ала-Тоо" аянтындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү зоналар убактылуу жабылат.