Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу 12-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 7 күжүрмөн эсеп тартылган:
- Чүй облусунда – 3;
- Жалал-Абад облусунда – 1;
- Ысык-Көл облусунда – 1;
- Баткен облусунда – 2.
ӨКМ куткаруу кызматтары тарабынан эки чыгуу болгонун жана жабыркагандар жок экенин кошумчалады.